Кечээ, 23-январь түнү Ош шаарында кыз ала качууга шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматтар боюнча, 21 жаштагы кызды “Глобус” гипермаркетинин жанынан уурдап кетишкен. Уурдаган жигиттердин бири ал кызга үйлөнөм деп, аны ала качып кетишкен.
Кечээ түнү кылмышка шектелген жарандар кармалган. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ