Соцтармактын колдонуучусу Мирбек Үмөталиев өзүнүн Facebook баракчасына ЖК депутаты, вице-спикер Мирлан Бакировдун жазган постунун көчүрмөсүн алып, минтип жазган:
“Мунуңар менден начар жазат экен го? Алайда памирликтерди кайра окутуп атыптыр деп атышты эле, ошолорго кошуп, муну да окутуш керек экен”, – деп жазып, алдына толтура комментарийлер кеткен.
Кечээ эле парламент жыйынынан “Кыргызстандагы жашоону оор дегендерди Памирдеги кыргыздарга алып барып көрсөтүш керек” деп кыйынсынган, “Франкфурт жана Майне” деп шаар атынан жаңылган вице-спикердин жазганындагы каталар күндө эки алган окуучуну эске салат экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ