Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДП лидери: “”Жерүй” боюнча Темир Сариев, Мирлан Жээнчороев жана башкаларды жоопко тартып, камаш керек!”

Бөлүшүү:

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, чек ара, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков жана ЖК депутаттары: Иса Өмүркулов, Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Марат Аманкулов жана партиясы, Өмүрбек Текебаев, Карамушкина, Кодуранова, Турдукулов, Асылбек Жээнбеков жөнүндө айтып берген.

Багы ачылбай келаткан Таластагы “Жерүй” алтын кени жана ага аты аталып жаткан (Бабанов, Жээнчороев, Бокоев) боюнча фактыңыз барбы?”,- десек, агынан жарылды. Алтын кенин Атамбаев талкалганын, ал тоо-кен тармагына зыян келтирип, Кыргызстандагы кен байлыкка соодагер болуп алганын баса белгиледи. “Атамбаев бул маселе боюнча коррупциялык схема түзгөн, ага комиссия болгон 17 адамга кылмыш иши козголуш керек. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, “тоо-кен боюнча адис жок”,-дейт,  “мен турам го адис (2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болсо, “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын төрага орун басары Сагынбек Абдырахманов болчу. Ошол кездеги “коррукциялык схема” тууралуу айтып жатат. Таластагы “Жерүй” алтын кенине Бабановдун да аты аталып келет – авт.), мен жакпасам башканы кой дагы, иште”,-дедим. Анан ал өз кишисин кызматка койду, ал болсо Сариевдин сөзүнөн чыкпаган, анын айтканын эки кылбаган, тоо-кенин тармагын билбеген, ал боюнча 3 күн иштебеген, билбеген “адис” келди. Мына жаштар дейсиз, жаштар ошентет. Бокоев, Скрипкина, Сариев, Жээнчороевди камаш керек! Алардын атын атап жатам, алардын бири да эмнеге мага келип, бетиме айткан жок, анткени алар билет күнөөсү бар экенин. Буларга кылмыш ишин козгош керек, иш козголсо, баары айтып берет, анын башында ким турганын. Мына, Батукаевдин иши боюнча Атаханов баш болуп айтып берди го, “Атамбаев буйрук берген” деп, ошентип айтып беришет“,- дейт Сагынбек Абдырахманов.

С.Абдырахмановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе жаңылануу, тазалоону ниетте «Атамбаевсиз КСДП» (Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда) кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Быйыл, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: