Menu

Видео – Сооронбай Жээнбеков: “Коорупцияга каршы күрөшүү улантылат”

Бөлүшүү:

«Коорупцияга каршы күрөшүү улантылат.  ММК, жарандык сектор колдоп жатышат, мындай колдоо менен биз күрөштү күчөтөбүз» — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары кабыл алынган бардык чечимдери коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталганын эске салды.  Бюджетке миллиарддаган акча кайтарылып, анын эсебинен балдар үчүн мектептер курулуп жатат.

«Коррупция деген илдет адамзаттын көйгөйү, биздин коомду да эң түйшөлткөн көрүнүш. Тилекке каршы, коррупция биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугунун коркунучу бойдон калууда. Өнүгүүбүзгө жолтоо болуп жатат. Коррупция ар бир жаранга жана чет өлкөлүк инвесторлорго залалы тийген орчундуу маселе бойдон калууда», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралып, жетишкендиктер да, кемчиликтер да ачык-айкын белгиленип, жалпы коомчулук кабардар болгонун, бир дагы чечим аткарылбай калбоосу керек экенин баса белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөштө ийгиликке жетүү үчүн негизги курал — санариптештирүү.

«Санариптештирүүнү — эч качан токтоп калбай, дайыма улана турган узак, бирок, зарыл саясат катары карайбыз. Тоо-кен тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу үчүн да жаңы технологияларды активдүү киргизебиз. Бул чөйрөдө ачык-айкындыкты орнотуу менен коррупцияны кескин кыскартабыз», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун жана ММКнын ордун өзгөчө белгилеп, алардын жардамы менен коррупцияга каршы күрөшүүдө ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук өсүп жатканына дагы бир ирет токтолду.

Коопсуздук кеңешинин жыйындарында ирети менен башка тармактардын да актуалдуу маселелери  караларын кошумчалады.

«Коопсуздук кеӊештин келерки жыйынында саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн, кийинчерээк энергетика тармагынын маселелерин карайбыз. Кыргызстан үчүн күйүп жанган ар бир мамлекеттик кызматкер коррупцияга каршы күрөшүүсү керек, ар бир жаран бул илдетке каршы күрөштү колдоосу зарыл», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Аягында Президент Сооронбай Жээнбеков  мамлекеттик органдардын жетекчилерин өлкө жана эл үчүн ак ниеттүүлүк менен эмгектенүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: