Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашып, жакынкы келечекке пландарды белгилешти.
Эске салсак, 21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ