22-январь күнү Россиянын Челябинск облусунун «Троицк» чек ара ѳтмѳ пунктуна жакын жерде жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык үч жаранынын сѳѳгү туугандары тарабынан тастыкталды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маркумдардын Кыргызстандын жарандары экендиги, алардын инсандыгы, үчѳѳ тең Ош облусунда туулгандыгы, окуяга чейин Челябинск шаарында жашап жана иштеп келишкендиги аныкталды.
Кечээ, 24-январь күнү Троицк шаарындагы каала агенттиги аркылуу «Жүк-200» жѳнѳтүү боюнча иштер соңуна чыгып, россиянын тиешелүү мамлекеттик кызматтары тарабынан коштомо документтер даярдалды.
Маркумдардын туугандары, Челябинск шаарындагы мекендештердин жана диаспора уюмунун жардамы менен Екатеринбург шаарынан жѳнѳѳчү жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга «Жүк-200» жѳнѳтүү пландаштырылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ