Menu

Алайдагы памирлик кыргыздарга окуу китептери бөлүндү

Бөлүшүү:

Жакында Алайга көчүп барып,  Х.Алимсеитов атындагы мектепте окуп жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, “Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырган.

Белгилей кетсек, учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 23-декабрь күнү Алайга Оогандан он үй-бүлө көчүп келген. Жергиликтүү тургундар памирлик кыргыздарды жылуу кабыл алып, айылдагы эски мектептин имаратын оңдоп-түзөп, жашоого  ылайыкташтырып, келген туугандарды ошол жакка жайгаштырышкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: