Menu

Видео – Владимир Высоцкий, актер, ырчы: «Карышкырга аңчылык, карышкырга!»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-январь – Орусиянын белгилүү ырчысы, атактуу актер Владимир Высоцкийдин туулган күнү. Орусия аны жылда эскеришет. Высоцкийдин «Карышкырга аңчылык, карышкырга!» аталыштагы ырын котормочу, акын Эрнис Асек уулу орусчадан кыргызча оодарган. Аны төмөндөн окуп, аягында автордун аткаруусундагы ырын угуп коюңуздар!

Жулунам күчүмдүн баарынча,

Чыңалат кантамыр, тарамыш.

Бүгүнкү – кечээдей. Кубалайт,

Туш-туштан курчаган жыламыш.

Мылтыктар талдардан «тарс» этип,

Мергендер карааны байланган.

Ак карда туйлаган бөрүлөр,

Типтирүү бутага айланган.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда.

Бирдей оюн ойнобой бөрү менен,

«Кың» деп койбойт мергенчилер дегеле.

Курчап салып желек менен айланта,

Атып жатат как жүрөккө, чекеге.

Карышкырлар өз мыйзамын бузушпайт.

Бөлтүрүгү сокур болуп төрөлөт.

Эне сүтүн соруп жатып аларың,

Сорот өлүм, ошондуктан бир өлөт.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда.

Төрт шыйрак тез, азуубуз да кем эмес,

Жолбашчыбыз айтчы бизге, эмнеге –

Жин ургандай окту көздөй жүгүрүп,

Жеп жатабыз как жүрөккө, чекеге?!

Көкжалдардын көкжалдыгы ушунда:

Бүтүп өмүр, ажал гана тунууда.

Ажалыма келген киши жылмайып,

Мылтыгын серт мени көздөй сунууда.

Мен эч кимге баш ийбейм, баш ийбеймин.

Өмүр куну оңойго турбайт экен.

Бар болгону артыман каткырышкан,

Кишилериң жаныңды урбайт экен.

Жулунам күчүмдүн баарынча,

Чыңалат кантамыр, тарамыш.

Бүгүнкү – кечээдей.

А бирок,

Жеңбеди мергенчи-жыламыш.

Карышкырга аңчылык, карышкырга!

Бөлтүрүктөр калтырап карышууда.

Кызыл желек кан жайнап аппак карда,

Кыйкырган үн, үргөн ит жарышууда…

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: