Сүрөттө той ээлери
Кечээ, 25-январда Кара-Суу районунун Савай айылында 10 миңдей киши катышкан көкбөрү оюну болуп өттү. Оюндун байге фондусуна 10 төө, 20 жылкы, Бишкектен 1 квартира, 1 лимузин, 5 “Мерседес” автоунаалары, ондогон кой, уй, акчалай белектер сайылган. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады.
Көкбөрү берген жигит ушул эле Савай айылынын тургуну Каныбек аттуу мырза экен. Каныбек мырза мындан 18 жыл мурун Кыргызстандан иш таппай Россиянын Новосибирск шаарына жумуш издеп кеткен эмгек мигранты. Россияда алгач грузчик болуп ишке орношуп, бутуна туруп, бизнеске өтүп, азыр жеке менчик, ийгиликтүү эки телекоммуникациялык ишкананын ээси.
Байгелерден 1 төө, бир жылкыны атактуу улакчы Манас Ниязов, 1 “Мерседес” менен Бишкектеги 1 батирди анын иниси Байыш Ниязов утуп алганы айтылууда.
Кара-Суунун Савай айылын бир кезде Алайдан ооп келген кыргыздын Баргы уруусунун Савай уругунан тарагандар, айтылуу Алымбек датканын уруулаштары мекендешет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ