Menu

Сооронбай Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин Индиянын күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин улуттук майрамы — Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн кыргыз-индия мамилелери өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыкканын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу, буга эки тараптын жигердүү эмгектенгени негиз болду. Бул өнөктөштүк кызматташуунун алдыга карай өнүгүшүнө жана жаңы багыттарды издөөгө, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары жылдыруудагы натыйжалуу механизмдерди бекемдөөгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модиге ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми боордош Индия элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: