Menu

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

Бөлүшүү:

25-январь күнү Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Манас” аэропортундагы санитардык-карантиндик көзөмөл пунктунун иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык-карантиндик көзөмөл пункттунда дарыгерлер тепловизордун жардамы менен учуп келген адамдарды  текшерүүдөн өткөрүүдө.

Министр Космосбек Чолпонбаев дарыгерлерге санитардык көзөмөлдү дыкат жүргүзүп, министрликте түзүлгөн штаб менен тыгыз байланышта болууну тапшырды.

“Биздин эң башкы максатыбыз – өлкө аймагында вирустун таркашына жол бербөө. Биз кыраакы болушубуш керек” – деп министр билдирди.

“Январь айынын башынан тарта мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө пунктунда коронавируска байланыштуу адамдар текшерүүдөн өтүүдө. Аталган вируска чалдыккан адамдар катталган эмес. Кыргызстандын Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймагында 11 санитардык-карантиндик көзөмөл пункт иштеп жатат. Күнү-түнү иштеген дарыгерлер тепловизор менен текшерүү жүргүзүүдө” – деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары кыргыз-казак чек арасында дагы санитардык-карантиндик көзөмөл пунктту ишке киргизүү пландалууда.

Кийинки жумадан тарта, “Акжол”, “Дунларов көпүрөсү”, “Актилек” жана “Чалдовар” өткөрмө пункттарында убактылуу санитардык-карантиндик көзөмөл пункттар иштей баштайт.

Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV деп алдын ала маалыматтарда айтылган.

Бүгүнкү күндө аталган вирус Кытай мамлекетинен тышкары да жайылууда. Тайванда, Түштүк Кореяда, АШ, Тайланд, Гонконг жана Австралиянын аймагында вирусту жугузуп алган учурлар катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан тараган коронавирустун пайда болушун жана аны менен күрөшүү жолдорун табуу үчүн чакырык таштады.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: