Menu

Муфтий Максатбек Токтомушев элчи Аликбек Жекшенкулов менен Москвада жолугушту

Бөлүшүү:

Муфтий Максатбек Токтомушев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен Москвада жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда журналисттерге билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 26-январда Москвада кыргызстандык мигранттар үчүн Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн арналган Мавлид кечеси уюштурулган. Ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибарев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов катышып, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушкан. Жолугушууда кызматташуу жаатында пикир алышып, мекендештерибизге үй-бүлө баалуулуктары, адеп-ахлак, адал ырыскы, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы, билим берүү жана балдардын тарбиясы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин сүйлөшүшкөн. Муфтий элчиге ыраазычылыгын билдирген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: