Menu

ЖАМК: “”Садыр Жапаров оор кылмышка айыпталгандыктан ага мунапыс берүү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Садыр Жапаров 5-февралда жатак абакка которулбайт жана жакында эркиндикке чыкпайт. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.

Алардын айтымында, Садыр Жапаровдун адвокаты коомчулукту адаштырып жатат. Экс-депутат эркиндикке 2026-жылы гана чыгат, жакында абактан чыкпайт. Анткени ал өзгөчө оор кылмышка айыпталган, ошондон улам, ага мунапыс берүү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн андагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.

Былтыр, 25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөргөн. Анда С.Жапаровду бошотуу боюнча суроо болгондо, президент бул маселени сот гана чечээрин билдирген.

Ал эми ЖАМК Садыр Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктарын быйыл, 7-январда билдирген.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ЖАМКнын төрагасы М. Турганбаев туура эмес маалымат таратып жатканын баса белгилеп, экс-депутаттын эч кандай күнөөсү жоктугун, ал президенттен мунапыс сураганын, ата-энесин, баласын жоготкону тууралуу түшүндүрүп, аны эртерээк бошотууну суранганын социалдык тармакка жазган.

 

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: