Жайыл районунда жоголуп кеткен кыздарды милиция кызматкерлери эки сааттын ичинде табышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январь күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, 25-январь күнү Жайыл РИИББне 52 жаштагы И.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15 жана 20 жаштагы кыздарын табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Анын айтымында, 23-январь күнү кыздар Новониколаевка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Ата-энесинин айтымы боюнча, алар өз алдынча издешкен. Таппагандан кийин милицияга кайрылышкан.
Аталган факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кыздарды издөөгө Жайыл РИИББнын бардык кызматкерлери тартылган. Жоголуп кеткен кыздардын достору, тааныштары сураштырылган. Ыкчам-издөө иш-чарасынын алкагында эки сааттан кийин жоголгон кыздардын жүргөн жери аныкталган.
Кыздар Жайыл районундагы курбу кызынын үйүндө болгону аныкталган.
Учурда кыздар ата-энесине тапшырылып берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ