Бишкекте алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 26-январда шаар тургуну А.Э. милицияга арыз менен кайрылып, ал жалпы суммамы 12 миң сомго алданып калганын айтып, чала тааныш аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Жабырлануучунун айтымында, “Беш-Сары” соода борборундагы радио түйүндүн жанынан чала тааныш аялды жолуктурган. Ал аял жабырлануучуга жумуш таап берерин айтып, “чалып алайын” деп телефонун алган бойдон качып кеткен. Уюлдук телефондун баасы 10 миң сом, ошондой эле телефондун каптамасында 2 миң сом бар болгон.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктарыдн бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1994-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалган. Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эгерде кимде ким бул айымга алданып калса, анда 0 (708) 807-027, 0 (555) 102-670 и 102. чалса болоорун милиция билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ