Бүгүн, 27-январь күнү Афганистанда учак кулады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, афган компаниясына таандык Ariana Afghan Airlines учагы Афганистандын чыгышындагы Газни провинциясынын аймагынан кырсыкка кабылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кабул – Герат каттамын аткарган учактын ичинде 83 жүргүчүсү бар болгон.
Азыркы учурда учак кырсыгынын себептери такталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ