Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «Тарыхка араң тапкан акчабызды алдырып ийе жаздадык»

Бөлүшүү:

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Тарыхка араң тапкан акчабызды алдырып ийе жаздадык” аталышта өзүнүн “Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Бүгүн Жогорку Кеңешке чакырылдык. 8-маселе деп көптөн бери депутаттардан суранып жүрүп, Кытайдагы, Ташкенттеги архивдерге, Археологиялык экспедицияларга, табылган архивдик документтерди которууга, китептерди чыгарууга, эски кытай тилин үйрөнүүгө адис даярдоого жана башка толгон-токой маселелерге деп суранган акчанын араң төрттөн бир бөлүгүнө өкмөт акебиз араң көнгөн жарыбаган акчаны Славян университетине берилсин деп токтом токуп койо жаздаган жерден араң алып калдык.

Өзгөчө депутат Садык Шерге рахмат! “ТЭЦтин моорусун талкалоого 140 миллион бөлөсүңөр да, Тарых дегенде 5 миллион сомду көп көрөсүңөр! Аны да өлкөбүздүн тарыхчыларына ыраа көрбөй башка өлкө менен аралаш университетке бергени жатканыңар туура эмес! Тарыхтан акча аяп отуруп, тарыхтан сабак албай ушул абалга кабылдык! Тарыхтан болбогон акчаны аянып, бир эмес үч жолу мамлекет башчылар сабак албай миллиарддаган акчага күйгөнүбүз жалганбы?!”, – деп айтып, арачага түшүп атып, акчаны тарыхчыларга бермей болушту окшойт. Эми ошол арзыбаган акча тийсе, бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга аракет кылат элек!

Эң жаманы, Бай жана Карт тарыхы бар, бирок жарды өлкөдө жашап, каражаты жок тарых изилдеген бул бир чети кордук экен!“,-деп жазды тарыхчы К.Молдокасымов.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1957-VI «Байыркы кыргыз тарыхын изилдөөчү Мамлекеттик илимий институт түзүү» тууралуу парламенттин токтому ишке ашырылган. Ошол маселени бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети талкуулады. Ага белгилүү тарыхчылар катышып, талаш-тартыш жаралган. «Өнүгүү—Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Кыргыз-Орус славян университетине 5 млн сом берүүнү сунуштаса, КОСУнун ректору Владимир Нифадьев университетте институт ачуу үчүн бардык шарттар, анын ичинде телестудия бар экенин баса белгилеп, ал институт илимий гана эмес, билим берүү ишмердүүлүгү менен да алектенерин айткан. Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул акчаларды кытай булактарын которуу менен алектенген «Мурас» фонду үчүн сурашканын айткан. «Биз 5 жыл кайрылып жүрүп, араң дегенде 5 млн сом бөлдүрдүк. Былтыр, январда Кыргызстанга Си Цзиньпин келгенде Кытайдагы университет менен макулдашууга кол койгонбуз. Ал кытайлык окумуштуулар менен бирге басып чыгарган кытайлык булактардын жаңы жыйнагын белек кылган. Бирок жыйнакты кыргыз тилинде басып чыгарууга азыркыга чейин каражат жок. Биз институттун ачылышына каршы эмеспиз, бирок, 20 млн сомду сурап келгенбиз. Китептерди которуу үчүн 5 млн сомду араң сурап алсак, эми силер бул акчаларды бизден тартып алып, 25 жылда өзүнө бир дагы имарат курбаган КОСУга тарыхты изилдөө үчүн бергени жатасыңар!», – деп тарыхчы К.Молдокасымов депутаттарга кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууга чакырган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: