Жанар Акаев ушул жуманын аягында жаңы партиянын бет ачары болорун социалдык тармактагы Инстаграм баракчасына айтып чыкты.
“Биз жаңы жүздөрдөн, билимдүү, прогрессивдүү жаштардан куралган жаңы партиянын бет ачарын өткөрөбүз. Бизге канатташ, тилектеш санаалаштарды бизге кошулууну чакырам. Шейшембиде Ошто ачылган штабдагы чогулушка чакырам. Каалоочулар интернет аркылуу байланышка чыксаңыздар болот. Бир-эки күндүн ичинде даректерибизди, максаттарыбызды ачыктайбыз” – деп айткан депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ