Бишкекте Равшан Жээнбековдун тарапташтары жана адвокаты Замир Жоошев басма сөз жыйын өткөрүшүүдө. Алар Кой-Таштагы окуяда анын эч кандай тиешеси жоктугун баса белгилешти.
Замир Жоошевдын айтымында, Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албайт жана аны ал саясий чечим деп баалайт. Ошондой эле адвокат Жээнбеков Кой-Таштагы оор кылмыштарга эч кандай тиешеси жоктугун, ал окуяда абалды жөнгө салууга гана аракет кылганын жана Кой-Таш окуясынан кийин эки жолу чет өлкөгө чыгып келгенин эске салып, күнөөсү болсо кайра келбей коймоктугун баса белгилеп айтты.
Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков былтыр, 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, «Бийликти күч менен басып алуу» беренелеринин негизинде камакка алынган. 14-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1де кармоо чечимин чыгарган. Ал былтыр, 7-8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ