Menu

Табышмактуу жоголгон бир туугандар дагы деле табыла элек, туугандары табышып коюуну суранат

Бөлүшүү:

Бишкекте жоголгон ага-ини дагы деле табыла элек, изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда туугандары тынчсыздануу менен билдирди.

Алардын айтымында, бир туугандардын улуусу (Канат Асанов) 51 жашта, кичүүсү (Кубат Асанов) 47 жашта. Алгач Канат Асанов жоголгон. Ушул жылдын 9-январында, кечки саат 18.00дөр чамасында “Ынтымак” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып барган эмес. 15-январда Кубат Асанов жоголгон агасын издеп кеткен. “Заречное” айылынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Экөө тең үй-бүлөлүү, акыл-эси ордунда, ден соолугу нормалдуу, акчалары жок, бизнесмен эмес.
Бир кыз, бир баланын атасы Канат Асановдун бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, чачы ак, көз айнекчен. Үстүнө көк түстөгү капюшону бар куртка, кара шым жана кара бут кийим кийген.

Үч баланын атасы Кубат Асановдун бою 160 сантиметр, арыкчырай, көзүнүн көрүүсү начар. Үстүнө кара куртка, кара баш кийим, көк жинсы шым жана кара бут кийим кийген.

Бир туугандарды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюнарды туугандары суранат:

0 (312)352-605, 0(553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0 (551) 102-326, 0 (553) 102-880 номурлары же «102» кызматына чалса болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: