“Биримдик” партиясына кирүүгө кайсы саясатчылар ниеттенип жатканы боюнча болжолдуу тизме чыккан. Алардын арасында “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун да аты жүргөн. Ага кайрылып, сурасак, ал: “жөн эле чыккан тизме”,-деп кыска гана жооп берди. “Парламенттик шайлоонун алдында “Замандашты” жана сизди каралоо десек болобу?”,-десек, “мүмкүн”,-дейт Ж.Молдокматов.
Буга чейин “Биримдикти” негиздеген Амангелди Муралиев, аны Бакиевдер тартып алып, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева алып берип коюшкан. Учурда бул партияны көмүскөдө депутат Асылбек Жээнбеков башкарат”,-деген имиштер боюнча Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаевага кайрылсак, ал аталган партияны он айым түптөгөнүн айтып берген. Ал эми экс-премьер-министр Амангелди Муралиев аталган партия ага эч тиешеси жоктугун айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ