Иллюстрациялык сүрөт.
ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунаа Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген «Лексус GS-300» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 1 648 220 сомду түзөт.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар чечим кабыл алуу үчүн ЭККМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрулүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ