Menu

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуунун жолдорун сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январга карата Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минисрлиги билдирди.

“Жугуштуу оорулардын стандарттарына ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганча керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүсү керек экендигин белгилейбиз” – деп айтылат билдирүүдө.

Вирустун алдын алуу чаралары:

– Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;

– Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;

– Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;

– Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;

– Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;

– Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: