Menu

Сооронбай Жээнбеков юстиция органдарын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылды региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Марат Жаманкулов өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Юстиция министрлиги тарабынан санариптик технологияны киргизүүгө байланыштуу калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тыкыр иштер жүргүзүлгөнүн маалымдады. Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү Юстиция министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Юридикалык жактарды каттоого табыштамаларды берүү процессин автоматташтырып, жөнөтүлгөн табыштамалар тууралуу маалыматты онлайн режимде берүүгө жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилгени белгиленди. Сот органдары документтерди карап чыккандан кийин, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк 3 күн ичинде берилет.

Ошондой эле «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке киргизилген. Ал «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу нотариустун Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымат алуусуна мүмкүндүк берет.

Бул чаралар калктын убактысын үнөмдөп, чыгымдарын азайтууга, юридикалык жактарды каттоодо, ошондой эле нотариустардын ишинде коррупциялык тобокелдерди жоюуга өбөлгө болот.

Марат Жаманкулов 2019-жылдын сентябрынан тартып соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу алкагында Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн Пробация департаменти толук кандуу иштей баштаганын кошумчалады. Азыркы учурда конкурстук тандоо менен Департаменттин штаттык курамын толуктоо жүргүзүлүп жатат. Үстүбүздөгү жылы пробация органдары үчүн автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү пландаштырылып жатат.

Ошону менен бирге юстиция министри калкка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

2019-жылы 14 441 кишиге квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Адвокаттардын жардамы менен соттор алгачкы жолу 8 актоо өкүмүн чыгарышты. Эгерде мурда буга бюджеттен 16-20 млн сом бөлүнсө, 2019-жылы адвокаттардын көрсөткөн кызматы үчүн 77 млн сом бөлүнгөн. Калкка кылмыш иштери боюнча гана эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Ошондой эле, Марат Жаманкулов белгилегендей, укуктук системаны жана анын элементтерин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо максатында укуктук саясаттын Концепциясынын долбоору иштелип чыгууда. Өлкөдө укук үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында 2020-2030-жылдарга карата Юстиция органдарын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, ченем жаратуу процесстерин автоматташтыруу жана 2020-жылы юстиция органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча иштерди улантуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамдардын жана Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: