Menu

Ат-Башы: “Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күнгө да бербейбиз!”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-январда Ат-Башы районунун айрым тургундары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчылар жазып чыгышты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, митингге чыккандар индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлер курууга каршы экендиктерин билдиришкен. Алар кытайларга жер берилбеши жана аталган борборду Кыргызстандын ишкерлери курушу керектигин баса белгилешкен. «Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күн берсе да, алар ал жактан өмүрү чыкпайт. Ошон үчүн биз аларге жер берүүгө каршыбыз! Бизге байлыктын кереги жок!», – дешкен митингдин катышуучулары. Алар мындай акцияны 30-январда дагы уюштура тургандыгын айтып, тарап кетишкен.

Эске сала кетсек, Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борбор салынмак, ага инвестор кытайлык ишкер Лю Индин болмок, анын Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров, бизнесмен Аскар Салымбеков. Алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган ушак болбогон кептер экендигин айтып, элди түшүнүүгө чакырышкан. Бул тууралуу кечээ, 27-январда ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев да айтып, инвесторлорду колдоп чыкты. Анын айтымында, Ат-Башыга кытайлар эч кандай уулуу зат чыгаруучу же ар кандай экологияны буза турган эч нерсе курган жок.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: