Menu

Кыргыстан менен Германиянын парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:
Кечээ, 27-январда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагындагы (Парламентиндеги) Борбордук Азия тобунун Төрагасынын орун басары Андрэ Хандын жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз-герман парламенттер аралык жана регионалдык кызматташууну кеӊейтүү маселелери талкууланды.Министр Ч.Айдарбеков экономикага басым кылуу менен өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрлери боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуунун чоң дарамети бар экендигин баса белгилеп, Германияда жашаган кыргызстандык этникалык немистердин бул процесске жигердүү катышуусуна үмүт артты. Өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштурууну сунуштады. А.Хан Кыргызстанда парламенттик демократия ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи жана кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуунун алкагында мындан аркы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Ошондой эле Бундестагдын спорт жана туризм маселелери боюнча комитетинин төрагасынын Орун басары кызматын дагы аркалоо менен, А.Хан Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: