Кечээ, 28-январда Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Кулубаев Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар 2019-жылдын жогорку деңгээлдеги жолугушууда жетишкен макулдашуулардын ишке ашыруунун, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдайы, оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калуусун талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында “Ак-Тилек” постунда болгон кырдаалды чечүүнүн механизмдерин карашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ