Menu

Видео – Төрага Дастан Жумабеков менен элчи Женгиз Камил Фырат жолукту. Эмнени талкуулашты?

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков жакында эле Түркия мамлекетинде катталган табигый кырсыкка байланыштуу Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтып: “Кыргыз эли көп адамдын өлүмү менен коштолгон жер титирөө тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык”, – деди. Муну менен катар Кыргызстан боордош түрк эли менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланышты кеңейтүүгө багытталган алакаларды жигердүү улантуубуз зарыл. Анын ичинен соода-экономикалык мамилени чыңдоо жана инвестиция тартуу максаты негизге мааниге ээ”, – деп кошумчалады Төрага.

Андан тышкары, акыркы жылдары  парламенттер аралык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Дастанбек Жумабеков: “Коюлган пландарды ишке ашырууда парламенттердин колдоосу өтө зарыл. Андыктан, бул жаатта да калыптанган достук алакаларды өнүктүрүшүбүз керек”, – деп билдирди.

Ошондой эле маданий байланыштардын алкагындагы иштер ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеген Төрага, быйыл жайында өтүүчү Бүткүл Дүйнөлүк IV Көчмөндөр оюнун Түркия Республикасы жогорку деңгээлде өткөрөрүнө ишеним артарын кошумчалады.

Өз кезегинде, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат эки өлкө ортосундагы айрым маселелерге токтолуп, анын ичинен соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактарындагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Алсак, быйылкы жылга карата эки өлкө ортосунда бир катар бийик деңгээлдеги жолугушуулар мерчемделген, ал эми апрель айында Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын ачылышы өтөт. Ошондой эле жайында Ысык-Көлдө эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес жана инвестициялык форум уюштурулат.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта парламенттердин тармактык комитеттеринин жана депутаттык достук топторунун эки тараптуу иш сапарларын өткөрүү да каралган.

Муну менен катар жолугушууда элчи Женгиз Камил Фырат Төрага Дастанбек Жумабековду Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырып, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасынын да Бишкекке иш сапарын уюштурууга болорун кошумчалады.

Ал эми Төрага Дастанбек Жумабеков жолугушууда айтылган бардык сунуш, маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, элчинин ишине ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: