Кечээ, 28-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Германия Федеративдүү Республикасынын Коргонуу министрлигинин Мамлекеттик Катчысы Петер Таубер менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар аскер чөйрөсүндөгү, регионалдык коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.
П.Таубер Кыргызстандын аскер чөйрөсүндөгү өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууга, тренингдерди өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ