Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, алар менен чогуу Ухандагы жарандарыбызды алып келишибиз керек”

Бөлүшүү:

“Кечээ Кытайдагы Ухань шаарындагы кыргызстандыктар менен сүйлөштүм. Ал жакта 15 жаран бар, 14ү студент. Бир дагы студент коронавируста чалдыккан жок” – деп билдирди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн 29-январь күнү ЖКнын кезектеги жыйынында.

Сүйлөшүү маалында Кытайдагы студенттер депутатка 3 маселени айтышкан. Ал көйгөйлөрдү депутат ЖКнын жыйынында айтып чыкты.

“Учурда Ухань шаарында жарандар чыга албай жатышат. Бардыгы изоляция болуп калышты. Азыр бардык мамлекеттер жарандарын Кытайдан чыгарып кетүүнүн жолдорун издеп жатышат. Биз коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, жарандарды алып чыгууга аракет жасашыбыз керек” – деп билдирди депутат.

“Эгерде Кытайдан чыга албай калышса, акча каражаты менен жардам бериш керек. Ошондой эле учурда Кытайдан Россиядагы, Казакстандагы аэропорттор аркылуу адамдар келип жатышат. Андыктан ал жактагы элчиликтер аэропортторду көзөмөлгө алуусу керек” – деп кошумчалады Бакыт Төрөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: