Menu

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Респбуликасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен кызматташуунун келечегин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана «2020 — Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыктын өзөктүү багыттарын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Досалы Эсеналиев Кыргызстандагы балдардын укуктарын прогрессивдүү ишке ашыруу ишиндеги Өкмөттүн жана жарандык коомдун аракеттерин колдоо боюнча ЮНИСЕФ менен жигердүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен өткөн жылы ЮНИСЕФ менен бирге балдарга каршы зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча „Тумар“ компаниясы ийгиликтүү өткөрүлдү.  Ошондой эле өлкөнүн Өкмөтү тарабынан балдар үйлөрүнүн санын кыскартуу жана балдарды үй-бүлөлөргө кайтаруу боюнча чоң иштер жасалды», — деп баса белгиледи Досалы Эсеналиев.

Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольм ЮНИСЕФ балдарды колдоо жана коргоо саясатына колдоо көрсөтөрүн билдирди.

«Балдар өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыгы экени абдан маанилүү. Биз бул жолугушуу Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында берилген убадалардын уландысы жана аткарылышы деп ишенебиз. Биз ар бир бала үй-бүлөдө жашоого укугу бар жана ал үй-бүлөдө жашашы керек дегендин маанисин өзгөчө баалайбыз», — деди Кристин Жольм.

Ошондой эле ЮНИСЕФ бул багытта жигердүү жана конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүү, бала-бакчаларда жана мектептерде электрондук каттоону өркүндөтүү, «акылдуу мектеп» жана ар тараптуу билим берүү моделин түзүү, аймактарда китепканалардын базасында эрте окутуу боюнча 100 борборду түзүү жана өзгөчө социалдык чөйрөдөгү санариптештирүү маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: