Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү  

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун киришине жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча маалымат берди. Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө коронавирус такталган учурлар катталган эмес, буга байланыштуу дүрбөлөң түшүүгө эч кандай себеп жок. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Өлкөдө жеке коргонуучу каражаттардын зарыл болгон камы жана вируска каршы дары каражаттары бар.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилик өкүлдөрү көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдашты.

Кеңешмеде белгиленгендей, республиканын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарынын аэропортторунда вирустун бар-жогун текшерүү үчүн тепловизорлор орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизорлор менен Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактардын баарын текшеришет. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында вирусту жуктуруу аныкталган шартка атайын палаталар даярдалган.

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүүнү жана бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткарууну камсыздоону тапшырды. Ал ошондой эле такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербөө үчүн жарандарды учурдагы жагдай тууралуу үзгүлтүксүз маалымдап туруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр бул маселе Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин белгиледи. Мамлекет башчысы конкретүү тапшырмаларды берген, анын ичинде өлкө аймагына вирустун киришине жол бербөө боюнча Иш аракеттердин планын иштеп чыгуу жана алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу бар.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт короновирустун киришин жана тарашын алдын алуу боюнча санитардык, эпидемияга каршы иш чараларды уюштуруу тууралуу иш аракеттердин конкреттүү планын иштеп чыкканын белгиледи.

«Министрликтер, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары планга ылайык короновирустун өлкө аймагына тарашына жол бербөө жана бул илдет катталган учурдагы механизмди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуусу керек. Ошондой эле медициналык мекемелердин бейтаптарды кабыл алуусунун даярдыгын, лабораториялык изилдөөлөр үчүн зарыл болгон медициналык материалдардын запасын түзүү, вируска каршы дары-дармектерди, дезинфекциялык жана жеке коргонуу каражаттарын камдоо, аныктоо жана дарылоо маселеси боюнча медицина кызматкерлерин даярдоону камсыз кылуу шарт», – деди Өкмөт башчы.

Ал ошондой эле дарыканалар тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана баалардын жогорулашын алдын алуу үчүн жеке коргонуу каражаттарынын (медициналык беткап), тиешелүү дары-дармектердин наркына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууну тапшырды.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүү жана Кытай Эл Республикасынан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген жактарды көзөмөлдөө тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын аймагындагы жарандары менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү милдеттендирилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: