Бишкек шаарында 31 жана 21 жаштагы жигиттердин ортосунда мушташ болуп, жыйынтыгында 21 жаштагы жигит сабалган. Бул тууралуу бүгүн, 30-январь күнү Патрулдук милиция кызматы билдирген.
Алардын айтымында, мушташ 29-январдь күнү С.Каралаев атындагы көчөсүндө жайгашкан “Империя пиццы” кафесинин жанында болгон. 21 жаштагы таяк жеген жигит милицияга арыз менен кайрылган. Жерине милиция кызматкерлери барып, 31 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармашкан.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Видеодо көрүнгөндөй, Октябрь РИИБне алынып келинген жигит байкеси азыр келерин айтып, милиция кызматкерине “жекеме-жекеге чыгасыңбы?” деп асылып, алардын дарегине жаман сөздөрдү айткан.
https://www.instagram.com/p/B77pXuMJsmb/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ