Menu

Алмаз Темирбек, журналист: “Кыргызстанда мүлккө болгон кол тийгис ыйык түшүнүк калыптана элек. Бийликке келген эле адамдар, акчалуу кызарган жерди баса калганды адатка айлантышкан”

Бөлүшүү:

Ат-Башыдан кытай инвестору 49 жылга 200 гектар ижарага жер алып, 280 миллион доллар инвестиция жумшап, логистикалык борбор курат деген маселе коомдо кызуу талаш-тартыш жаратып, ача пикирлер бүгүнкү күндө да айтылып жатат. Жергиликтүү эл: “Логистикасынын кереги жок, биз ансыз эле өз күнүбүздү өзүбүз көрүп жатабыз. Кытайларга жер бербейбиз. Алар кирсе кайра чыгышпайт”, – дешип чочулап, кооптонушуп нааразычылык митинг уюштуруп жатышат. Бийлик болсо бул жактагы Ат-Башыдан чыккан төбөлдөрдү “элге айтып түшүндүргүлө” деп тобу менен” айдап” барды. Алар барып алып элдин кыжырына ого бетер тийишип, “ырыскыңарды теппегиле, логистика эмне экенин ачып окубайсыңарбы”, – дешип кекетип-мокотушуп, нааразчылыкты басаңдатпастан күчөтүп баса беришти.
Ырасында, жергиликтүү элдин чочулап, “кытай басып кетет, жер бербейбиз, курдурбайбыз” дешип кооптонуп жатышканын туура түшүнүш керек. Жеке инвестордун акчасы делген менен анын артында Кытайдын чоң саясаты жатат. Жерге ээлик кылуу, жылма экспансия алардын негизги улуттук стратегиялык саясаты. Кытай менен улагалаш чек арага жакын жерге курула турган логистикалык борбор, балким экономикалык жактан аздыр-көптүр пайдалуу чыгаар. Бирок улуттук, мамлекеттик коопсуздук жагын алып караганда кооптуу, күмөндүү жактары арбын. Себеп дегенде, Кыргыз бийлиги ижарага берген бир дагы жерин кайтарып алган эмес. Ижарага алган жерлерди бүгүн коңшулар биздин жер деп ээлеп, такымына басып отурушат. Качан жок андай эмес, биздин жер деп каш кайтарып, жерди өзүбүзгө кайтарган жетекчи болду? Демек, узак мөөнөткө чет өлкөгө, чет өлкөнүн жаранына жер берүү, коррупциялашкан бийлик системасын эске алганда, чындыгында опурталдуу.

Айрымдар белгилегендей: “Бул жерде эки мамлекеттин ортосунда ратификацияланган келишим жок, жеке жарандардын салган инвестициясы, күйсө кытай жаранынын акчасы күйүп кетет. Мамлекет эч нерсе уттурбайт. Он беш миң жумушчу орун түзүлүп, 90% кыргыз жарандары, 10% чет жердин жарандары иштейт”, – деген жооткотуу кулакка жагымдуу угулуп, элибиз, мамлекетибиз пайдадан башка зыян тартпачудай сезилет.

Тилекке каршы, бизде “бирок” деген маселе бар. Бироктун артында ар дайым күмөндүү, былыктуу иштер баш багып турат. Дегеним, коррупциялашкан биздин мамлекеттик системага ишеним артуу кыйын. Эртең, 15 миң жумушчу орундун он миңи Кыргыз паспортун алган кытайлар болуп калбайт деп кепилдик берүү кыйын. Себеби, миграция, паспорт маселесин акча менен жасатып алуу биздин өлкөдө баш оору жаратпайт. Андыктан коррупция гүлдөгөн биздин өлкөдө 49 жылдын ичинде 5 кытай иштеген болсо андан ашпайт деп элестетиш кыйын.

Анын үстүнө 280 миллион доллар каражатын салган кытай жараны, “күйүп кетсем, эки колумду чөнтөгүмө салып басып кетем” деп тобокелге салып, “кыргыздар силерге логистикалык борбор куруп берейин” деп жатпаса керек. Артында Кытай мамлекетинин келечектүү саясаты, карылуу колу турат. Ал ошого таянат. Көчүккө тебилип, бозала болуп ара жолдо калбашына бекем ишенет. Ошондуктан, Кытайдан башка өлкөнүн жарандары, биздин бийликтин мыйзамды буйлаланган төө кылып ойноткон коррупциялык системасынан чочулашып инвестиция салбай коркуп турганда, Кытай жараны эч ойлонбой ири сумманы сарптап жатканы жөн жеринен эмес.

Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, эгер биздин өлкө коррупциядан алыс болуп, мүлккө болгон кол тийбестикти коргоп, ыйык тутканда, 280 миллион долларлык логистикалык борбордун инфраструктурасына жумшалчу каражатты, Өмүрбек Бабанов, Шаршенбек Абдыкеримов, Аскар Салымбеков, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу байлар, ошол эле биз жаман көрүп жаткан, Дубайга, Ташкентке миллиарддаган инвестиция салып жатқан Райым Матраимов деле чыгарып койгонго чамалары жетмек. Бирөөсүнүн алы келбесе, 5-6сы биригип деле салып коймок.

Өкүнүчтүүсү, бизде бийлик ички инвесторлорду коргой албайт. Шарт түзүп, колдоп, коргоонун ордуна, тескерисинче, аларды саан уй катары пайдаланышат. Укпаса, каяша айтса, көз карашы келишпей калса, мүлкүн тартып алышат. Ошондуктан, биздин байлар Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган ири өндүрүш, долбоорлорго акча салышпайт. Бизде мүлккө болгон кол тийгис ыйык түшүнүк калыптана элек. Бийликке келген эле адамдар, акчалуу кызарган жерди баса калганды адатка айлантышкан. Эң кур дегенде бирөөнүн маңдай тери менен тапқан бизнесине “үлүшкө” отургусу келет. Ошол себептен, чоң долбоор, ири курулуштарды биздин байлар Кыргызстанга эмес, чет өлкөгө салышат. Бабанов Пензага 370 миллион долларга цемент заводун курганын себеби да, ири каражат жумшап, андан айрылып калбайын деген кепилдикти көздөгөн қадам болгон. Ошол эле биздин байлар Дубайда, Америкада жүз миллиондогон доллар каражат салып, ишкерлик кылып жатышат. Ушунун баары Кыргызстанда өзүбүздүн ички инвестициялық потенциалды пайдалана билүү, аларга кепилдик берип коргоо, мүлккө болгон кол тийгистик ыйык түшүнүктү калыптандырууга болгон келечектүү мамлекеттик саясат жоқтугун айгинелеп турат. Кандай бийлик келбесин, ишкерлерге шарт түздүк, укмуш жеңилдетилген мыйзамдарды кабыл алдык деп курулай күпүлдөшкөн менен баары кагаз жүзүндө калып, реалдуу турмушта кызарган жерди кузгунча чокуган аң сезим өзгөргөн жок…

Алмаз Темирбек, “Фабула” гезитинин башкы редактору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: