Menu

Фото – Министр Чыңгыз Айдарбеков Германияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү:

29-январь күнү Берлин шаарында, Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр кыргыз-герман кызматташтыгынын эки жана көп тараптуу форматтагы абалдары жана келечектери жөнүндө өз пикирлери менен бөлүштү. Мамлекеттик органдардын «ТҮНДҮK» өз ара аракеттенүү электрондук тутумунун алкагында КР ТИМ активдүү иш алып бара жатканын белгилеп, «Паспорт», «Жаран», «ЗАГС», «Консулдук эсепке алуу» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын КР тышкы иштер министрлигинде киргизилгендигин жарандарга маалымдады. «ТҮНДҮK» тутумунда бардык мамлекеттик органдар маалымат алмашууга жалпы кошула аларын жана бул жарандарга электрондук формада кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Ошондой эле министр расмий портал аркылуу жол-жоболоштурула турган КРнын электрондук визасы жөнүндө да кыскача айтып берди. Анкеталарды кароо мөөнөтү болгону 5 жумушчу күндү түзөрүн белгиледи. 

КР ТИМ башчысы КРнын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо КР ТИМдин приоритеттүү милдети экенин баса белгилеп, консулдук-укуктук чөйрөдө маселелер келип чыккан учурда зарыл консультацияларды алуу үчүн жарандар КРнын чет өлкөдөгү мекемелерине ар дайым кайрыла алышарын билдирди. 

Жолугушуу пикир алмашуу форматында уланып, анын жүрүшүндө мекендештер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: