Menu

КР Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишиндеги коррупциялык зоналарды жана тобокелчиликтерди карап чыкты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу бүгүн, 30-январда, кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн карады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча этаптуу иш-чаралардын планына киргизилген иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгиледи.

Пландын 148 иш-чарасынын 83ү аткарылган эмес. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун практикасында иш-чаралардын аткарылбаганы боюнча мындай пайыз (56%) биринчи жолу байкалууда.

Мекеменин жетекчилиги арыздарды жана автоунааларды каттоонун, кайра каттоо үчүн тийиштүү документтердин онлайн берүү механизмин иштеп чыгып, киргизген эмес. Мындан улам

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө  коррупциялык тобокелчиликтер сакталып, өлкө жарандары үчүн ыңгайсыздыктарды жаратуу уланууда.

Айдоочулук укуктан ажыраган айдоочулар жөнүндө документтердин автоматташтырылган маалыматтар базасына өзгөртүүлөр киргизилген эмес. «Унаа» ММ ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча мурда пландалган бир катар долбоорлор ишке ашырылган эмес.

Ченемдик-укуктук базанын ревизиясы жүргүзүлбөй, автоунааларды жоко чыгарууда регламентте каралган нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан эмес.

Муну менен бирге укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иштери козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы белгиленди.

«Унаа» ММ директору Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев санариптик трансформация жана алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин өзгөчө баса белгиледи.

«Санариптештирүү биринчи кезекте калкка түздөн-түз кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга киргизилиши керек. Биз калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатышыбыз керек. „Унаа“ ММ жетекчилиги тарабынан Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы „Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндө“ чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу боюнча тийиштүү иш жасалган эмес», — деп баса белгиледи Дамир Сагынбаев.              Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү начар  координацияланганы белгиленди.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунун жыйынтыгында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин системалуу коррупцияны жоюуда деталдуу планды ишке ашыруу боюнча иши  канааттандыраарлык эмес деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мекеменин директору Алымжан Козубаевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: