Menu

Араван районунда 70 гектар жерге картошка отургузулду

Бөлүшүү:

Быйылкы жылда жаздын эрте келишин байкаган дыйкандар жазгы талаа иштерин баштап жиберишти.  Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы П. Мирзабарамов билдирди.

28-январь күнү Араван районуна караштуу  С.Юсупов айыл аймагынын дыйканы Б.Абдакимов 30 сотых аянттагы үлүш жерине жана анын тууганы К. Абдакимов 20 сотых жерге  пленка астына эрте бышуучу картошканын үрөнүн отургузушкан.

Ал эми ушул эле райондун Нурабад айыл өкмөтүндө 30-январь күнү 20 сотых жерге картошка
отургузулган.

Ошентип Араван району боюнча үстүбүздөгү жылдын 30-январына карата 70 га жерге картошка отургузулган. Учурда райондо абанын күндүзгү  температурасы +10,0 градус болуп, башка дыйкандар дагы жазгы талаа иштери баштап жаткандыгы тууралуу айтылып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: