Кечээ, 30-январь күнү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “АК-Жол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаадан тиешелүү документи жана акциздик маркасы жок 163 500 куту тамеки табылган. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт тууралуу материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, жогорудагы товардын акциздик салыгы 5,7 миллион сомду түзөт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ