КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, мурда катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун жана Сот департаментинин имаратын оңдоп-түздөө үчүн өткөрүлгөн сынакта кызмат адамдары жеке ишкерден ири суммада акча талап кылганы аныкталган.
Жогорудагы кылмыш ишине Сот департаментинин жетекчилигинин түздөн-түз катыштыгы бар экендиги тууралуу далилдер болгон.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сот департаментинин статс-катчысы А.А., башкы адис Г.Ж., инженер Ж.Т. жоопкерчиликке тартылган.
Кечээ, 31-январь күнү Сот департаментинин мурдагы жетекчиси Р.И. жогорудагы кылмышка шектелгендиги тууралуу билдирүү алган. Ошол эле күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ