Кечээ, 2-февраль күнү болжол менен саат 11:00дө Бишкектеги Токтогул – Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жолтандабас сүзүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаалардын бири оодарылып кеткен. И.У. жана К.Н. аттуу айдоочулар жабыр тарткан эмес.
Айдоочулар медициналык экспертизадан өтүшкөн. Экспертиза айдоочулар соо болгон деген бүтүм чыгарган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бардык материалдар Бишкек ШИИБдин кырсыктар боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ