1-февраль күнү “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунун чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, 1982-жылы туулган Ш.М. аттуу тажикстандык жаран паспорторду текшерүү маалында чет өлкөлүк паспортун көрсөткөн. Текшерүү маалында паспорттогу сүрөт менен Ш.М. окшош болгон эмес.
Чек арачылар документти атайын текшерүүдөн өткөрүп, ал жасалма экенин аныкташкан.
Бардык тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ