Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын киргизген сунушуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичти кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен Мамлекет башчысына кайрылган.

Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн сунушу негиз болгон.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: