Бүгүн, 3-февраль күнү Тегеран – Душанбе – Бишкек – Тегеран жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи рейсти КРнын Транспорт жана жол министри, Жарандык авиация агенттиги, Тышкы иштер министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тосуп алды.
“Бишкек – Тегеран рейсине каттоо майрамдык маанайда өттү. Тегерандан келген учак жүргүнчүлөр аталган рейстин ыңгайлуулугун белгилешти” – деп айтылат билдирүүдө.
Ирандын Varesh Airlines авиакомпаниясы ар жуманын дүйшөмбү күндөрү учак каттамын аткарып турат. Бишкектен Тегеранга чейин учуу убактысы 2 саат 35 мүнөт. Бир тарапка болгон учак билетинин баасы 250$, ал эми эки тарапка 500$.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ