Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жэээнбеков бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда стратегиялык сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча УСИИнин ишмердигинин натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

УСИИ директору Эмилбек Каптагаев сунуштарды иштеп чыгуу жана стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, Институттун изилдөө ишмердигинин потенциалын күчөтүү, ар түрдүү илимий-изилдөө жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле УСИИнин алдында турган артыкчылыктуу милдеттери тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң маанилүү стратегиялык документтерин иштеп чыгуудагы Институттун өзгөчө ролун белгиледи.

Социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда иштиктүү сунуштарды даярдап чыгуу үчүн аналитикалык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигин илимий-изилдөө жана аналитикалык колдоо жагынан УСИИнин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: