Өткөн аптанын жума күнүндө Жогорку Кеңеште Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген комиссиянын кезектеги отуруму болуп өткөн.
Отурумга чакырылган “Азактыктын” жетекчиси Айзада Касмалиева комиссиянын мүчөлөрүнө маалымат берип жатып: “$700 млн казынадан уурдалган деп иликтөөнүн эч бир жеринде айтылган эмес, аны сабатсыз адамдар ошондой түшүнгөн” – деп билдирди.
“Жети жүз миллион доллардын мамлекеттик казынага эч тийешеси жок болсо, анда эмнеге 7 айдан бери уу-дуу болуп жатат? Ал $700 млн кыргыз банктары аркылуу чет өлкөлөргө 7 жылда которулган болсо, эмне үчүн: «Жылына 100 миллиондон», – дебей, 700 млн деп айтылган? Эмне үчүн аны «которулган» дебей, «өлкөдөн чыгарылган» деп коомго таңууланган?” – деп журналист Нарын Айып Фейсбуктагы баракчасы аркылуу суроо салган.
https://www.facebook.com/idinovn/videos/2547086825400781/
Эсиңиздерге сала кетсек, көптөн бери уу-дуу болуп, Кыргызстандан чыгарылган $700 млн кыргыз банктары аркылуу чет өлкөлөргө чыгралгандыгы тууралуу айткан жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Буга байланыштуу 21-ноябрда Жогорку Кеӊеште Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн ЖКнын убактылуу депутаттык комиссиясы түзүлгөн.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ