Каракол шаарында жергиликтүү тургун абактагы жарандарга баңгизатты алып кирүүгө аракет кылган кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ басма сөз кызматы бүгүн, 4-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, милицияга “Саке” аттуу жергиликтүү тургун №23 ТИЗОдогу абакта жаткан жарандарга баңгизат алып кирген жатат деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары 26 жаштагы Ж.Максат аттуу жаран кармалган.
№23 ТИЗОнун абактагы жаранына келген азык-түлүктөрдүн арасынан баңгизат табылган. Ун салынган баштыктын ичинде 40 грамм гашиш табылган.
Аталган факт катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Кармалган жаран үй камагына чыкты. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ