Бүгүн, 5-февраль күнү ЖКнын кезектеги жыйынында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министр кызмат ордуна талапкер Замирбек Аскаровду жана вице-премьер-министр кызматына талапкер Эркин Асрандиевди депутаттардан колдоп берүүнү суранды.
Жыйында депутат Дастан Бекешов өкмөт башчыга кайрылып: “Сизге 4 вице-премьер-министр ашыкча эмеспи?” – деп суроо берди.
“Иштей турган иш көп, ашыкча эмес” – деп Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.
“Вице-премьер-министрликке татыктуу талапкерди тандадыңар. Бирок ошол эле кезде Эркин Асрандиевди кантип ынандырдыңар? Бара турган кызматында анын айлыг он эсе төмөндөйт. Аны ынандыруу үчүн кандай механизм таптыңар” – деп депутат кызыкты.
“Бир эле механизм – сүйлөшүү жолу. Мекенге кызмат кылуу бонча өзүнүн дагы сезимдери бар. Мындай маселелерде айлык көйгөйү башкы ролду ойнобойт деп ойлойм” – деп Өкмөт башчы жооп берди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ