Menu

Рыскелди Момбеков, ЖКнын депутаты: “Жеңиш Разаковду Баткенге байлап койсоңор да, чек ара маселесин чече албайт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  Өзгөчө кырдаалдар министр кызмат ордуна талапкер Замирбек Аскаровду жана вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевди депутаттардан колдоп берүүнү суранды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн келгенин белгилеп, бул аралыкта алмаша элек эки эле министр калганын, калганын бары ээрден шыпырылып түшкөнүн айтты.

Депутат өкмөт башчыга кайрылып: “Сиз Жеңиш Разаковду ЕАЭБге жана чек ара куратор кылып койдуңуз. Бирок ал эки жакты тең кууратты. Баткенде эки метр чек араны чечкен жок. Анан ЕАЭБдеги эң негизги эки маселени чечкен жок. Алар: үчүнчү мамлекеттен келген унааларга болгон жеңилдетилген тарифин жана Россиядагы биздин мекендештер которгон акчага коюлган 100 миң сомдук чектөөнү чече албай койду. Сиз “Баткенге чек ара боюнча куратор кылып койдук” деп айтып жатасыз. Ал Баткендеги чек ара маселесин байлап койсоңор дагы чече албайт” – деп билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков Жеңиш Разаковду компетентсиз жана өзүнүн милдеттерин аткара албай жатканын белгиледи.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: