Menu

Республиканын мектептеринин 99% интернетке кошулган

Бөлүшүү:

2019-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 2 118 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп же билим берүү мекемелеринин 99,0% интернетке кошулган. 2018-жылы бул көрсөткүч 67,0% болгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Аймактык саясат концепциясын ишке ашыруунун алкагында 91 мектепке инновациялык мектеп макамы берилген (ар бир райондо жана 20 чакан шаарда), анын ичинде 30 мектеп лабораториялык, мультимедиялык, кеңселик жана окуу жабдуулары, ошондой эле предметтик кабинеттер үчүн эмеректер менен жабдылган. Ал эми 61 мектеп заманбап электрондук мектепке айланды. Кошумча 540 мектеп интернетти колдонуу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен жабдылды.

Мектептер үчүн негизги предметтердин пакети аркылуу бүтүрүүчүгө талаптарды түзгөн Базалык окуу планын түзүүгө жаңыча мамиле кылуу иштелип чыкты. Бул өзгөрүүлөр чет тилдер боюнча сааттарды көбөйтүүгө, 5-класстан баштап «Информатика» сабагын киргизүүгө, мамлекеттик тилди окутуу ыкмасын өзгөртүүгө, табигый-илимий цикл сабактарын күчтөндүрүүгө тийиштүү.

Ошондой эле былтыркы жылы 5-6-класстын окуучулары жаңыча окуу программаларын жана окутуу-усулдук комплекстерди колдонуу менен жаңы сабактарды окушту. Кийинки жылдары 7-9-класстардын окуучуларын, андан кийин 10-11-класстардын окуучуларын жаңы стандарттар боюнча окутуу пландалууда.

Мындан тышкары билим берүү тутумун санариптештирүүнүн алкагында:

– 1-4-класстын окуучуларына кошумча билим берүү үчүн iBilim платформасы;

– 5-9-класстын балдары үчүн Билим Булагы платформасы;

– Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы платформасында мугалимдердин айлык акысын автоматтык түрдө эсептөө үчүн «Ачык бюджет» программасы түзүлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: