“Бүгүн парламентке премьер-министр келип жатат. А бул жерде 30га жетпеген депутат отурат. Бул өкмөттүн деңгээли” – деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев ЖКнын кезектеги жыйынында.
Анын айтымында, парламентке премьер-министр келгенде, Жогорку Кеңештин 120 депутатынан 100ү келип, суроо-жооп аркылуу баарлашыш керек эле.
“Мына бүгүн ЕАЭС маселеси көтөрүлүп жатат. Эркин Асрандиевге кыргыз-казак маселесин чечет деген чоң ишеним болуп жатат. ЕАЭСке киргенден кийин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара болбош керек эле да. Биз төрт жарым жыл мурун ЕАЭСке киргенде тикенек зымды алып салабыз го деп ойлогонбуз. Тикенек зымдар алынмак тургай, өткөрмө пукнттар жабылып жатат го. Ондун тегерегинде жолдор жабылып жатат. Буга көңүл дагы бурбай кадык. Ошондуктан бул маселелерди чечиш керек. Анан өкмөттүн жоопкерлигин караш керек. Мен сурасам, Өкмөттүн кете элек убактысы келе элек дейсиңер, убакыт өтүп кетти” – деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев.
“Өкмөттүн деңгэли деп мен Жогорку Кеңешти тейлегендей ыйгарым укугум жок. Кызыккандар келет, каалоо-тилектерин айтып жатат.”
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ